2-3-сентябрь күндөрү Токиодо Кыргыз киносунун күнү өтөт. Бул тууралуу продюсер Арстанбек Саргалдаев кабарлады.
Айтымында, Япониянын Токио шаарында эки элдин достугун даңазалаган "600 күндүк ишеним" тарыхый тасмасы жана кыргыз кинематографиясындагы тасмалар көрсөтүлөт.
Ал "600 күндүк ишеним" тарыхый тасмасын тартууну демилгеленде, эки мамлекеттин элчилиги чоң жардам көрсөткөн. Тартуу иштери болгон окуянын негизинде 2015-жылы баштаган.
Кыскача музмуну мындай: Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1946-1948-жылдары Кыргыз ССРинде "Тамга" санаториясы курулат. Курулуш иштерине туткундагы япониялык аскерлер тартылып, алар 600 күн Кыргызстанда болушкан. Курулуш иштери аяктагандан кийин аскерлер мекенине кайтышат. Андагы окуянын каармандары Мияно сан жана Мацуда сан Кыргыз өлкөсүндө болгон 600 күндү ишенимдин, меймандостуктун күнү болгон деп эскеришкен. Тасма тартылып жаткан учурда каармандар 90 жашта болгон.