Бүгүн, 28-августта Кант шаарынын Лебединовка айылында жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 42 жаштагы аял мерт кетип, 3 жаштагы бала ооруканага жеткирилген.
Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда , окуя 27-августта саат 12:30 чамасында болгон. Россиянын "Кант" авиабазасынын аскер кызматкери автоунаа айдап баратып, эне-баланы коюп кеткен.
42 жаштагы аял 3 жаштагы баласы менен жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп жатканда кырсыкка кабылышкан. Аял ошол жерден каза тапкан, ал эми 3 жаштагы бала балдар ооруканасына жеткирилген.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.