Бишкектин мурдагы биринчи вице-мэри Ренат Макенов тергөөчүлөрдүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 27- чыгарды.
Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, сот чечиминен улам мурдагы вице-мэр 28-октябрга чейин үй камагында болот.
Эске салсак, ал Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесинин жеке тараптарга мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнү боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде июлда камакка алынган.