Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” болуп жарыяланган. Буга ылайык, айылдарда жигердүү иш-аракеттер жүрүп жатканын байкоодобуз. Биздин гезит бул жылы алыскы аймактардагы айылдарда эмне өзгөрүү болуп жатканына өзгөчө көңүл буруп, тынымсыз чагылдырып келе жатат. Бул сапар биз Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө болуп, жүз берген жакшылыктардан кабар алдык. Анда кеп аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Райымжан Абишович Мавляновдо...
(Башталышы мурунку сандарда)
- Райымжан Абишович, 2018-жылдын алты айында эмне иштер жасалды, ошого кеңири токтоло кетесизби?
- 2018-жылдын алты ай ичинде айыл өкмөткө жогорку органдардан 206 кат аткарууга келип катталып, тиешелүү адистерге берилди, 250 катка жооп берилип, 56 кат учурда аткарылууда, ал эми жеке атуулдардан 127 арыз-даттануулар келип катталып, 83 арыздын жообу берилип, 44 арыздын үстүндө тиешелүү адистер иш жүргүзүшүүдө. Турак жай салуу үчүн 193 арыз түшкөн.
Акыркы алты айдын ичинде 156 наристе төрөлдү. 82 жаш жубайларга нике кагазы алынып берилди. Ошондой эле айыл өкмөт элинин турмуш-шартын жакшыртуу максатында 123 буйрук даярдалып чыгарылып, алардын бардыгы аткарылып жатат. Айыл өкмөттүн иш кагаздарын жөнгө салууда аппарат кызматкерлердин салымы жакшы деп айтып кетүүгө болот.
Социалдык тармак боюнча:
Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө 6 айда ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү, алар төмөнкүлөр:
- 15-февраль Ооганчылар күнү белгиленип 6 миң 500 сомдук сый тамак уюштурулуп жана ар бир ооганчыга 1 миң сомдон колдоо иретинде акчалай сыйлык берилди.
- 23-февраль “ Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата” айыл аймактагы бардык мекеме ишканалардын мырзалар арасында спорттун волейбол, стол тенниси, шахмат боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана 17 миң сомдук сый тамак берилди. Бардыгы болуп 28 мин сом жумшалды. 1-орунга 5000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом сыйлык берилди.
- “8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата” айыл өкмөттүн эсебинен акча каражаты бөлүнүп, борбордук маданият үйүндө майрамдык кече уюштурулуп ал кечеге бардык мекеме ишканалардын мырза жетекчилери келип өзүнүн куттуктоолору менен кошо ыр белектерин тартуулашты.
- 21-март “Нооруз” майрамына карата спорттук оюн, улуттук күрөш, көк бөрү, ат чабыш, кунан чабыш, тыйын эңмей оюндары үчүн 100 000 (жүз миң ) сом акча каражаты каралып иш-чара райондук деңгээлде өттү. Себеби райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн келип катышты. Ошону менен катар ар бир айылдан бирден боз үй тигилип ал жерде улуттук салт санаалар боюнча жаштарга кыз көчүрүү, ууз, кол өнөрчүлүк , тушоо кесүү, баланы бешике салуу, кыз куумай ж.б. каада салттар жөнүндө көрүнүштөр көрсөтүлүп байгелүү орундарга ээ болушту.
- 9-май Жеңиштин 73 жылдыгына карата 33 миң сом акча каражаты бөлүнүп, белгисиз солдаттын эстелиги ондолуп сырдалды. Согушка катышып бирок тизмеси жазылбай калган ветерандардын тизмеси жазылып илинди, согуш ветерандарынын жесирлерине, орукта иштегендерге сый тамак берилди.
- 23-май “Энелер күнүн” белгилөөдө эмгектин алдынкыларын жана “Баатыр энелерди”сыйлоо үчүн 31 энеге 10 000 (он миң) сомдук белектер берилди.
- 1-Июнь балдарды коргоо күнүнө карата мектепке чейинки билим берүү мекемеде тарбияланып жаткан балдарга 14 000 сом (он төрт миң) сом акча белек катары берилди. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү 4 тоголок жетим балдарга материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү максатында 4000 (төрт миң) сом акча каражаты берилди. Айыл өкмөттүн аймагында жашаган 14 ден-соолугу чектелген балага 500сомдон таркатылып берилди. 18-июнь күнү Кербен шаарынын Хан Теңир ресторанында өткөрүлгөн көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун отчеттук чогулушуна барып катышып келүү үчүн 12 кишиге жол кире төлөнүп берилди.
Демөөрчүлөр тарабынан Москвадагы “Кош-Дөбө” уюму тарабынан 35 кап көмүр турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө таркатылып берилди. Жеке ишкер Мавлянкулов Элмурат тарабынан 15 кап көмүр турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам иретинде берилди. Айылыбыздагы 4 тоголок жетимге райондук прокуратурадан 3000 сом, соттон 2500 сом, РВКдан 2000 сом бардыгы болуп 7500 (жети миң беш жуз) сом жардам берилди.
2018-жыл 6 айдын ичинде буйрук, чечимдин негизинде турмушу начар ден-соолугуна байланыштуу арыз менен кайрылган жарандарга 4 миң сом акча каражаты жардам иретинде өздүк эсебине которулуп берилди. Буйруктун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 1 баласына бакчанын ысык тамагы акысыз берилип жатат. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор 3 үй-бүлөгө Араб демөөчүлөрү тарабынан 2 саан уй торпогу менен жана 1 бооз уй материалдык жардам берилди.
Бүгүнку күндө жалпысынан Кош-Дөбө айыл өкмөтү боюнча 801 үй-бүлө жөлөк пул алышууда. 4 тоголок жетим, 170 жарым жетим балдарыбыз бар, бул балдарга тиешелүү жардам алып берүү максатында жогорку тиешелуу органдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
- Илгертен Кош-Дөбө мал чарбачылыгы менен атагы чыгып келет. Бул жаатта абал кандай?
- Эң негизги маселе малдар арасындагы жугуштуу оорулар. Бул багытта Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө “Бозбу-Ата” ветсервиси 1994-жылдан бери иш жүргүзүп келет. Бозбу-Ата ветсервисинде учурда жети ветеринардык кызматкер иш алып барат. Мамлекет тарабынан өтө жугуштуу адам өмүрүнө коркунучтуу болгон алты оорууга вакцина бөлүнүп, өз убагында малдарга ооруунун алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүлүп турат. 2018-жылы 2725 баш кара малдар жазгы эмдөөдө сибир жарасына эмдөөдөн өттү. Шарпка 2561 баш кара мал эмдөөдөн өттү. Карасанга 2395 баш кара мал эмдөөдөн өттү. Кара малдардан 1026 баштан бруцеллоз ооруусуна кан алынып, лабораториядан серологиялык жол менен текшерилди. Акыркы 5 жылдан бери айыл өкмөттө кан сийме (пираплазмоз) ооруусу күч алып, азыркы убакта тейлериоз ооруусу да байкалууда. Бул ооруунун алдын алып дац, азидин, неозидин, трипонил антибиотиктери менен дарыланууда, бирок мал ээсинин көңүлкош мамилесинен кара малдар чыгашага учурап, айыл өкмөт боюнча 34 баш кара мал союлду, майда жандыктарды чечек ооруусунан алдын ала 2153 баш эмделди. Сибир жарасына 624 баш майда жандык эмдөөдөн өттү, ит-мышыктарды кутурма ооруусуна алдын ала 974 баш ит мышыкка эхинокох ооруусун алдын алуу үчүн таблетка берилди. Жыл башынан бери 32 баш жолбун картаң ээси жок иттер атылып жок кылынды. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө сибир жарасынын 4 очогу катталып дезинфекциялоо, ремонттоо жана топурагын лабораторияга текшертүү иштери жүргүзүлүп турулат.
Бирок, буга окшогон кыйынчылыктарга карабастан, айыл өкмөтүбүздө мал чарбачылыгы улам, жыл сайын алдыга карай өнүгүп жатканын байкоого болот.
- Райымжан мырза, сиз жетектеген аймактын өнүгүүсүндөгү айылдык кенештин ролу кандай? Жергиликтүү депутаттар менен бирге кантип иш алып баруудасыздар?
- Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутаты менен эриш-аркак, ынтымак-ырашкерликте иштебегенде, жогоруда айтып өткөн жакшы иштердин көбү жасалбаса керек эле деп ойлойм. Айылдык кеңештин төрагасы Замирбек Айтмаматов баш болуп, аймактын көйгөйлөрүн чечүүдө абдан жигердүү иштеп, көптөгөн социалдык-экономикалык маселелердин чечилүүсүнө салым кошуп келе жатышат. Таза суу чыгарууда, жарыктандурууда, жер маселелерин чечүүдө айылдык кеңештин депутаттары бизге жөлөк-таяк болуп келатышат, учурдан пайдаланып алардын ар бирине терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Аймактын эли да ушундай мыкты депутаттарды шайлап алганына сыймыктануу менен карашат. Буюрса, алдыбызда дагы көптөгөн иштер турат, биргеликте алардын баарын чечээрибизге үмүтүм чоң.
- Сөзүбүздүн акырында, окурмандарга карата кандай каалоо-тилектериңиз бар?
- Мен буга чейин маегимде белгилеп өткөнүмдөй, президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун демилге көтөрүп, быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” катары жарыялоосу бизге чоң дем-күч берди. Жаңыдан шайланып иштеп жаткан ажобузга Кудайым күч-кубат берсин, абдан жакшы реформаларды баштап олтурат. Эн негизгиси, мамлекетти куруткан ири жемкорлор татыктуу жазага кириптер болушууда. Дал ошол себептүү да, биз, жалпы эл, ажобузду бул чечкиндүү жана оор күрөштө колдоп, жөлөк-таяк болушубуз зарыл. А элиме тынччылык, молчулук каалайм. Калганын өзүбүз жасап алабыз!
Маектешкен Абдурахим Нарбаев, Булак: “Майдан.kg” гезити