“Коопсуз шаар” боюнча кийинки аукцион 4-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу КР мамлекеттик сатып алуулар расмий сайтында жазылды.
Эреже боюнча, сынактык тапшырмаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 4-сентябрга саат 15:00гө белгиленген. Ал эми тапшырылчу документтерге өзгөртүү киргизилбеди.
Эске салсак, биринчи өткөрүлгөн аукцион техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу жараксыз болгон.