Бишкектин экс-мэри  Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтү октябрдын аягына чейин узартылды. Мындай чечим бүгүн, 27-августта Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. 

 

Сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу  боюнча өтүнүч жолдогон. Сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып,  экс-мэрди дагы эки айга камакта калтырды.