Чүй облусунда кара желек таккан үч автоунаа кармалганын УКМК билдирди. Ал желектер ИГИЛдин желегине түспөлдөш болгон. 

 

 Маалыматка караганда, аталган унаалардын ээлери “CERBERAVTOCLUB” автоборборунун мүчөлөрү болгон. Алар Беловодскидеги психоневрологиялык балдар үй-интернатына кайрымдуулук жардамын көрсөтүү максатында Москва районуна бара жатышкан.

 

УКМКнын кызматкерлери үч  автоунаанын  айдоочулары менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп,  тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдун желегине окшош атрибутиканы колдонууга уруксат жоктугун түшүндүрүшкөн.

 

Учурда аталган факт боюнча материалдар ИИМге  өткөрүлүп берилген.