Кыргызстанда августтун аягы жана сентябрдын башында төрт күн эс алуу күнү жарыяланат. Ошондо, 31-августтан 4-сентябрга чейин иш күнү эме. 

 

3-сентябрдагы иш күнү 7-май, дем алыш күнүнө которулду.  Бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы, аптасына 5 күн иштеген кызматкерлерге таандык. Жеке фирма, ишканаларга  да бул чечим сунушталды. Беш күндүк иш тартибиндегилер 4 күн, ал эми аптасына 6 күн иштегендер 3 күн эс алышат. 

 

Ал эми мектеп окуучулары үчүн Билим күнү 1-сентябрда болот. Бул күнү өлкөнүн бардык мектептеринде салтанаттуу жыйын болуп, Чыңгыз Айматовдун чыгармачылыгы жана аймактарды өнүктүрүү жылына карата класстык сааттар өтөт.