Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу эртең, 27-августта таңкы саат 5:00дө Манас аэропортуна келип конот. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, кыргызстандык ажылар Мекке шаарынын убактысы боюнча саат 21:00, ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча түнкү саат 12:00дө Сауд Арабиясынын Жидда аэропортунан учуп кетишет. Ар бир каттамда 300 ажы, жалпысы 18 каттам болот.