«Центерра Голд» компаниясы Кыргызстандын өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу макулдашылганын расмий сайтына жарыялады.
Аталган келишимге тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюшкан. Анда келишимдин мөөнөтү ушул жылдын 24-августуна чейин узартылган. Компаниянын маалыматына таяксак, эми узартуу 2-ноябрга белгиленди.
Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү "Центерра Голдду" экологияга зыян тийгизип жатканы үчүн айыптап, сотко берип 100 миллион доллар компенсация талап кылган. Бирок, ага жетпей 2017-жылы стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан баш тарткан. Канадалык компания онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.