Кыргызстандын бир гана сырткы рынокко экспорттой турган товары - күзүндө быша турган жашылча-жемиштер экендиги белгилүү. Өткөн жылы экс-президент А.Атамбаевдин Казакстандын элбасы Н. Назарбаевдин дарегине айтылган балп этмелеринин кесепетинен алар чек араны күрдөөлдүү күздө жаап салып, миңдеген тонна жер-жемиштер чегарада чирип, жүздөгөн дыйкандарыбыз сызга отуруп калышкан. Бирок быйыл деле, эч кандай ортодо саясый келишпестиктер болбогондугуна карабай, Орусия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн. Бул үч мамлекет тең ЕАЭБдин мүчөлөрү болуп туруп бири-бири менен болгон мамилесинин көрүнүшү. Көрсө, буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп болуптур. Тийиштүү органдар болсо Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптары тууралуу ишкерлер эскертилип жатканын билдирип гана тим болууда. Өткөн жуманын эки күн ичинде эле Орусияга дагы 43 тонна жашылча жана жемиш (жүзүм, кулпунай, жаңгак ж.б.) киргизилген жок. Ошентип жыл башынан бери Орусиядан кайра кайтарылган азык-түлүктүн эсеби 294 тоннага жетти. Ачыкка чыкпаган маалыматтарды кошкондо көрсөткүч мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Канткен күндө да бул товарлардын кайтарылышына фитосанитардык сертификаттардын жараксыз жана талапка жооп бербегени негиз болгон. Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев буга ишкерлердин өздөрүн күнөөлөдү. Ал эми расмий эсепте быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБден кирген импорту көбөйүп, экспорту азайып кетти. Быйыл төрт айда Орусияга 102 миллион долларга товар экспорттолсо, 351 миллион долларлык товар импорттолгон. Көрүнүп тургандай, импорт экспорттон үч эсе көптүк кылууда. Тышкы соодадагы мындай терс көрүнүш азайбаса, анда жакынкы айларда эле республикабыздын экономикасы оңкосунан түшүшү мүмкүн.
Булак: “Майдан.kg” гезити