Быйылкы жаңы окуу жылында өлкөбүздүн билим берүү жана илим министрлиги аз саат менен иштеген мугалимдер үчүн күтүлбөгөн “сюрприз” даярдоодо. Анткени алар жумуштан кетмекчи. Бул тууралуу министрликтин буйругу ушул жылдын башында эле чыккан менен азыр гана дүң болууда. Аталган министрликтин билдирүүсүндө, эгерде мектеп жамааты кыскарса, аларга кайра башка жактан жумуш орду менен камсыздоо керек болот. Болбосо, иштен алуу мыйзамсыз болуп саналат. Ал эми калган мугалимдерине саат бөлүштүрүүдө босого жүктөм киргизүү менен алардын айлык маянасы көбөйөрүн, ишке болгон кызыгуусу артарын билдиришүүдө. Айтор, 2018-2019-окуу жылы башталаары менен аз саат өлчөмүндө иштеп жаткан мугалимдердин сааттары кыскартылат. Министрликтин ушул жылдын башындагы буйругу, жаңы окуу жылынан баштап мектеп мугалимдеринин бере турган минималдуу сааттарды чектеп, босого жүктөмдү киргизип жатат. Андагы маалыматка караганда, сабактардын минималдуу сааты 12-15 саат болушу керек. Демек, учурда 6-8 саат менен иштеп жаткан мугалимдер эмки окуу жылында жумушсуз калышы толук ыктымал. Буйрук күчүнө кирсе, жумасына 4-6 саат менен иштегендердин сааттары бириктирилип, бир ставкага толукталып, мугалимге берилет. Натыйжада бир нече окутуучу ишинен кол жууп калганы турат. Адистердин айтымында, аз саат менен иштеген мугалимдер кыскартылып, калгандарынын маянасы жогорулайт деп кабарлашкан министрликтен. Эгерде кыскаруу башталса, жер-жерлерде мугалимдердин нааразычылыгы күчөшү мүмкүн. Ал эми адистер иштен алуу мыйзам чегинде гана боло тургандыгын саймедиреп, жооткотушууда. Мисалы, бир эле Ош шаарында 4 миңден ашык мугалим болсо, анын 300гө жакыны кыскарышы ыктымал. Эми бул цифраны жалпы республикага көбөйткөндө, миңдеген мугалимдер жумушсуз калышы мүмкүн. Мындан төрт жыл мурда 3,5 миң мугалим жетишсиз эле.
Булак: “Майдан.kg” гезити