Абактагы оппозиционер Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону токтотконун Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, азырынча соттолуучу ачкачылыкты токтотконун расмий кабарлай элек. Бирок, кечээтен баштап аз-аздан тамак жей баштады. 

 

Эске салсак, Кадыров жана Бектур Асанов Жогорку соттун өкүмүн эки айдан бери ала албай жатканын жарыялашып, каршылык иретинде ачкачылык кармашкан. Алар жатак колониясына которулууну суранышкан, бирок атайын комиссия алардын маселесин караш  үчүн Жогорку соттун өкүмү болушу керектигин билдирген. Соттолуучулардын адвокаттары эки айдан бери өкүмдү ала алышпай келишет. 

 

Эске салсак, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.