Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкери "Көк-Жар" кичирайонунда кылмышкерди кармоо учурунда бычак жеген. Милиция бөлүмүнө шаар тургуну кайрылып, анын үйүнүн артында белгисиз бирөөлөр машине менен аңдуу коюшканын кабарлаган. Айтылган дарекке ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери барышкан. Алар төрт адамды кармашып, анын бири Өзбекстандын жараны болуп чыккан. Жаранды аңдууга алышкандар жанына курал алып жүрушкөндүктөн, кармоо учурунда каршылык көрсөтүшүп, милиция кызматкерине айбат көрсөтүшкөн. Анын кесепетинен бир милиционер сол ийнинен жараат алган.
Кармалгандардын үчөө Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга карата КР Кылмыш жаза кодексинин бир канча беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Дагы бир кармалуучу ооруканага жаткырылды. Анын ата-энеси милиционер уулубузду сабады дешип арыз жазышкан. Жабырлануучу денесинен ар кандай жараат алган. Милиционерге карата кызматтык териштирүү башталды жана ал азырынча кызматтан четтетиле элек.