Евразиялык экономикалык комиссия ЕАЭБге караштуу өлкөлөр арасында айлык акыларды салыштырды. Анда маалым болгондой, эң жогорку айлык акы Россияда, ал эми эң төмөнкү маяна Кыргызстанда төлөнөт.
АКШ доллары менен эсептегенде, 201-жылдын январь-июнь айларында Арменияда орточо номиналдык айлык акы 349 долларга, Белоруссияда 458, Казакстанда 481, Кыргызстанда 225 долларга жеткен. Ал эми Россияда 718 долларды чапчыган.