Оппозициялык маанайдагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармашууда. Бул тууралуу саясатчылардын адвокаты Данияр Маманов билдирди.
Айтымында, Асанов менен Кадыров Жогорку соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатышат. Ошондуктан, нааразычылыктан улам ушундай кадамга барууга аргасыз болушту. Учурда саясатчылар тамактан баш тартышып, суу гана ичишүүдө.
Данияр Маманов аларды ачкачылыктан баш тартууга чакырган, бирок, саясатчылар макул болушкан эмес. Ачкачылык кармагандар өкүм чыгарган Жогорку соттун судьяларынын жана төрайым Айнаш Токбаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылышууда.
Эске салсак, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренеси менен кармалып, 8 жылга кесилишкен.