18-августта "Чечме-автоунаажолу" өткөрмө бекетинде башка бирөөнүн паспорту менен чегарадан өтүүгө аракеттенген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1967-жылы туулган Д. А. аттуу жараны Өзбекстандын Сох анклавына өтүүгө ниеттенген. Паспорттук көзөмөл учурунда ал чегарачыларга 1981-жылы туулган М. Г. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. 

 

Бирок, чегарачылар документтеги сүрөт менен аны көрсөткөн аялдын өң айырмачылыгын байкашып, суракка алышканда аял тууганынын паспортун көрсөткөнүн моюнуна алган. 

 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин аял ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлдү.