14-август саат 22:13тө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында, алдын ала маалымат боюнча  Папан суу сактагычына 1980-жылы туулган Ю.А. (эркек) аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. 2018-жылдын 15-август күнү саат 06:30та издөө иштерине КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №25 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өрт-куткаруу отрядынан  9 куткаруучу, жалпы  14 куткаруучу тартылган.

 

Кошумча маалымат берилет