Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек мамлекеттик коругунун директору Эсеналы Ормоналиевге сөгүш жарыяланып, бир катар кызматкерлери-егерлер жумушунан кол жуушту.

 

Анткени, ушул жылдын 5-июлунда Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек мамлекеттик коругунун аймагында Аркыт кыштагынын тургундары Арстанкул Саркулов, Кеңешбек Кемелбаев жана Руслан Мурзатаев маринка балыгын мыйзамсыз уулап жатышканда кармалышты. Ошентип, жалпы чыгым 101 сомду түзүп олтурат. А кийинки эле күнү Сары-Челек мамлекеттик коругунун кызматкери Базарбай уулу Саматбек 126 даана маринка балыгын тутуп жатканда торго илинди. Анын мамлекетке келтирген чыгымы 127 миң сомго бааланды. Буга улай Аркыт кыштагынын дагы бир тургуну Сүйүт Атабеков 199 маринка тутуп, 200 сом чыгымды төлөөгө милдеттендирилди.

Ошентип, Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек мамлекеттик коругунун директору Эсеналы Ормоналиевге сөгүш жарыяланса, аталган коруктун кызматкерлери Рахманкул Шабдановго, Жакшыбек Жакыбалиевге  жана Шералы Алишеровго тартип чарасы көрүлүп, кызматтарынан төмөндөтүлдү. Ал эми егерлер Базарбай уулу Самат, Шералы Саркулов  жана Эргешалы Чыныбеков жумушунан бошотулушту.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы