Бул жолу ал жергиликтүү базарларда 1 кг цементтин баасы 0,07 доллар болуп жатканда аталган жолду куруп жаткан CRBC деп аталган Кытайлык компания 1,1 доллардан сатып алынды деп кириштеп жаткандыгын маалымдады. Эгерде куруучулар жолдун кеңдигинен жана төшөлгөн шагыл, бетон, асфальттардан да бир нече сантиметрден “үнөмдөп” калыша турган болсо, алардын Бишкек ТЭЦин модернизациядоогу афералардай эле астрономиялык суммага айланары шексиз.

 

Альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолунун жалпы узундугу 433 километр, аны куруу үчүн Кытайдын “ЭксИмБанкынан” 850 миллион доллар кредит алынып, аны куруу жогоруда аталган CRBC деген компанияга тапшырылган. Автожолдун курулушу жарымынан өтүп калды, бирок ачыгын айталы, анын куруунун зарылчылыгы жөнүндө коомчулукта дагы деле бир пикир жок. Айрым адистер деле “1 млрд. долларга ( үстөктөрүн кошуп төлөгөндө ошого барат) альтернативдүү жол салгандан көрө Бишкек-Ош жолун капиталдык ремонттон чыгарып, 2-3 жерине туннель курган натыйжалуу болмок” деген ойлорду айтып жүрүшөт. Чын эле Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел башталган жерлерге туннелдер курулса, жол бир нече чакырымга кыскарып, коопсуздук кыйла артмак.

 

Бирок альтернативдүү жолдун долбоору коомчулукта адистердин катышуусунда жетиштүү талкууланбастан курулушу башталган. Мүмкүн, айрымдарда ал жолдун курулушунун аркасы менен Бишкек ТЭЦин модернизациялагандай эле байып алуу максаты болгон эмеспи? Аты жаман АША аралашкан жердин баарынан эле коррупциялык былыктар чыгып жатпайбы! Альтернативдүү автожолдун колдоочулары (лоббисттери) мурдагы жана азыркы министрлер Калыкбек Султанов менен Жамшитбек Калилов болушкан. Эгерде бул жолдон жогоруда айтылгандардан башка да “косяктар” чыга турган болсо, алар керт баштары менен жооп беришет. Бирок алар жолдун курулушу аягына чыгарыла электе эле чет өлкөлөргө качып кетишпес болду бекен?

 

http://argument.kg