Бир кезде өз эл, жеринен качып кетүүгө мажбур болгон Рахманкул хандын урпактары алгач Афганистанга барышып, Тажикстан менен чектешкен, чокусу асман тиреген Памир тоосун байырлап калышкан эле. Кийин алар эпидемияга кабылышып, көпчүлүгү ооруп, каза боло баштаганда, Рахманкул хан АКШ менен Түркия бийлигине кат жазганда, эки өлкөдөн тең кабыл ала тургандыктары боюнча кат келет. Бирок алар боордош катары Түркияны тандап алышат. Ошентип, түрк өкмөтү туугандарыбыздын жарымын Ван аймагына көчүрүп кетишкен. Сөзүбүздү бекеринен мындай эскерүү менен баштаганыбыз жок. Себеби Түркия өкмөтү памирлик кыргыздарды жөн эле ээн талаага алпарып таштап койбостон, ар бирине заманбап үй салып берип, жашоо тиричилигине шарт түзүп, жумуш менен камсыз кылган. Азыр Ван кыргыздардын айылы катары таанымал. Айрымдары Анкарага көчүп келишип, цивилизацияга аралашууда. Кыргыз коомчулугу менен бийлиги да жыл сайын Памирдеги туугандарга гумжардам жеткирип, былтыр айрымдарын Нарын облусуна көчүрүп келген. Көпчүлүк келгендер балдар болчу. Алгач бийлик органдары да, журналисттер да он чакты памирликтерди кызганган кыздай биринен бири талашып, улам иш-чараларга катыштырып, чагылдырып атышкан. Кийин эле бул тема дым болуп калган. Көрсө, адаттагыдай эле бийлигибиз аларга үй-жайды мындай кой, жок дегенде кара жанын бага турган жумуш таап бербей, байлардын коюн багып, кара нан менен чайга араң акча таап, кулчулук доорду эле баштан өткөрүп атышыптыр. Жада калса балдарына жөлөкпул алалбай жүрүшүптүр. Кыргыз өкмөтүнүн ушундай өгөй жана эки жүздүү мамилесине таарынган памирликтердин алды Афганистанга көчүп кетип, калгандары да түйүнчөгүн түйүүдө. Түпкү мекенин көксөп келип, көңүлү үч көчкөн журттай калган Абдырасул Ысабек уулу: “Кыргызстанды, кыргыз элин өз журтубуз деп келдик эле, көрдүк... бизге 40 жыл согуш болсо да Ооганстан бийлиги жакшы жардам берчү...”,- деген сөзү эле биздин бийликке карата өтө нааразылыкты билдирип турбайбы.

 

Булак: “Майдан.kg газетасы, №30 (367), 15.08.2018-ж.