Эртең, 14-августта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Абанын температурасы Чүй аймагында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32; Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30; Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35; Ысык-Көлдө  түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26; Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градуска жетет. 

 

Ал эми Бишкекте эртең күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус ысык болоору күтүлүүдө.