Талас-Тараз-Суусамыр автоунаа жолунда жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен бир адам каза таап, төрт адам ар кандай жарааттарды алышты. 

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, кырсык 12-августта Манас айылында болгон. Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, автоунаа оодарылып кеткен. Окуя болгон жерге беш куткаруучу барышкан. Жабырлануучулардын баары Чат-Базар айылындагы ооруканага жаткырылды.