Чакан ГЭСтердин консорциуму "өкмөт Ысык-Көл облусундагы "Көк-Сай" жана "Коңур-Өлөң" чакан ГЭСтерин ишке киргизүүгө тоскоолдук кылып жатат" деп даттанды.

 

 

Анын айынан бул чакан ГЭСтерди куруш үчүн банктардан алынган насыялардын үстөк пайызы көбөйүп, инвестор чоң зыянга учурап жатканын билдирди.

 

Экономист Мейманбек Абдылдаев бул көрүнүш ишкердиктин бардык түрүн накталай эмес соода жүгүртүүгө өткөзө албай турганын айтып, натыйжада беш пайыздык салык өлчөмү товардын баасына жүктөлөт деп божомолдойт: “- Бул баягы эле бюджетти толтуруунун убарасы. Акчанын тартыштыгынан улам өкмөттүн кирешесинен чыгашасы көп болуп, эмне кылар айласын таппай жатат окшойт. Анан салыкты кимге салмак эле? Баягы эле сатуучулар. Анан сатуучулар, албетте, кире турган кошумча салык өлчөмүн сата турган товарына кошуп, натыйжада анын баасы кымбаттайт. Ошентип кайра эле жүктүн баары сатып алуучуларга түшөт. Ошентип бул инфляциянын күчөшүн шарттайт”.

 

 

 

Кубанычбек Жолдошев,

Булак: “Азаттык”, Булак: “Майдан. kg” гезити