Анткен менен Жаш ишкерлер биримдигинин төрагасы Темиркул Ажыкулов накталай эмес төлөмгө өтүүгө бардык аймактар даяр эмес экенин мисал келтирип, муну салыктын өлчөмүн көбөйтүүдөгү шылтоо катары кабыл алды: “- Бул баягы эле расмий түрдө катталып, таза иштеп келаткан компанияларга жүк болот. Ал эми көмүскөдө иштеп келгендер ошол бойдон эле көмүскөдө калышат. Аларды көмүскөдөн чыгаруунун башка жолдору деле бар эле да! Сөзсүз эле салыкты көтөрүп, "күчкө салып көмүскөдөн чыгарабыз" дешсе - алар чыга коюшпайт. Себеби көмүскөдө иштегендердин көпчүлүгү бийликтин колдоосу менен иштей турганын баары эле билишет. Азыр Бишкектен башка жактарда карточка менен төлөп, POS-терминалдар аркылуу товар сатып алуу кыйын экенин баарыбыз эле билебиз. Анан кантип "онлайн түрүндө алды-саттыга өткөн компаниялар гана салыктан бошотулат" дегенге ишенсе болот? Мунун жыйынтыгы, тескерисинче, көмүскө экономиканы көбөйтөт. Анткени ишкердик биринчи кезекте атаандаштыктан турат. Анан товар беш пайызга кымбат болсо, бирок көмүскөдө иштегендер андан арзан сатып жатышса, каяктагы атаандаштык?”.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити