Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын опер кызматкерлери эл аралык “Талибан” террорчул уюмунун мүчөсүн – Өзбекстандын жаранын аңдып жүрүп акыры колго түшүрүштү.
Маалыматка караганда, кармалган Өзбекстан жараны Ооганстандагы боевиктер машыккан лагерлердин биринде Өзбекстан – Кыргызстан – Тажикистан – Ооганстан багыты боюнча атайын даярдыктан өтмөк экен. Андан ары тынчыбыган Сирия өлкөсүнө өтүп, өкмөттүк аскерлерге каршы согушка дагы активдүү катышууга ниеттенген.
Кармалган террорчуну дыкаат тинтишкенде, анын жанынан маалымат топтолгон флешка, араб тилиндеги адабияттар, жылуу кийим-кечелер, ошондой эле азык-түлүктөр табылган. Бардык материалдар жана кармалган Өзбекстан жараны Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.
Булак: “Майдан. kg” гезити