Кыргыз Өкмөтүнүн аймактардын экономикалык өндүрүштүк дараметин чыңдоодо киреше алып келүүчү жаңы ишканаларды ачуу, буга улай жаңы иш орундарын түзүү тапшырмасын аткаруу максатында жарым жылда Баткен облусунда жеке ишкерлердин эсебинен 43 ишкана ачылып, 383 жаңы жумуш орундары түптөлдү.
Буга улай Кадамжай сурьма комбинатын толук кандуу ишке киргизүү максатында Кытай Республикасынын Лишуй шаарындагы ТОО “Чжунген тоо кен өнүктүрүү” компаниясы Кадамжай сурьма комбинатынын базасында кичи завод куруу жана руданы кайра иштетүү боюнча 2.5 миллион доллар инвестиция тартуу боюнча комбинаттын жетекчилиги менен эки тараптуу кол коюлуп, керекүү тетиктер алынып келинип 2018-жылдын 1-кварталында бүт ишке киргизилди.
Мындан тышкары ата мекендик “Анон Сары-Таш” ишканасы өзүнүн инвестициясын киргизип, же болбосо Ош облусунун Алай аймагында сурьма концентратын алып келүү менен Кадамжай сурьма комбинатын базасында өндүрүштү ырааттуу улантмакчы. Ошондой эле, Айдаркен сымап комбинатын ишке киргизүү жаатында Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ата мекендик “Север сталь” ЖЧК ишканасы аркылуу 7 миллион долларлык инвестиция киргизүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлуп, азырынча 1 миллион долларлык жумуш аткарылды.
Булак: “Майдан. kg” гезити