Өзгөн районунда милициянын көчмө кабылдамасы уюштурулуп, ушул тапта толук кандуу иштеп жатат.
- Өзгөн районундагы милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыз-муңдарын жеринде эле тыңдап, а түгүл айрым чукул чараларды дагы көрүп жатышат.
Соңку тапта бул көчмө кабылдамага беш тургун даттанды. Булардын экөөсүнүн арызы тиешелүү бөлүмдөргө дароо жөнөтүлдү. Көчмө кабылдаманын курамында милициянын аймактык тескөөчүсү, өспүрүмдөр менен такай иштешкен инспекциянын кызматкери жана айдоочу бар,- деп кошумчалады Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалдымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.
Баса, милициянын көчмө кабылдамасынын негизги максаты - жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана милицияга болгон ишенимди азыркыдан дагы бекемдөө. Ушул тапта Ош облусунда милициянын көчмө кабылдамасы Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда дагы кадимкидей иштеп жатат.
Булак: “Майдан. kg” гезити