Жаңы окуу жылында Ош шаарында 630 орундуу жаңы мектеп толук кандуу пайдаланууга тапшырылат. Бул билим журтунун курулушун Өзбек Республикасы каржылап жатат.

 

- Бул мектеп өткөн кылымда, тээ 1936-жылы курулган экен. Административдик имарат таптакыр эскиргендиктен, Кыргызстандын жана Өзбекстандын Өкмөттөрү өз ара макулдашып, жаңы билим журтун биргелешип курууну макулдашкан. Ушул тапта үч кабаттуу жана 630 орундуу мектептин курулушу дээрлик аяктап калды, - деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.

 

Жаңы долбоорго ылайык бул мектепте спорттук жана акак залдар, эмгек бөлмөсү, дарыгер үчүн бөлмө, ашкана жана ушул өңдөнгөн заманбап шарттар жаратылган. Ар бир кабатта лаборатория жана устачылык бөлмөлөрү дагы орнотулат. Мындан тышкары мектептин айланасы бүт бойдон жашылдандырылат.

 

Ушул тапта жаңы мектептин курулушуна  150 жумушчу, он атайын техника тартылды. Жалпы аянты 3 миң 852 квадрат метрди чапчыйт.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити