Кыргызстандын түштүк башкалаасында 150 орундуу заманбап оорукана түптөлүп жатат. Анын курулушу дээрлик 99 пайызга аяктап калды.
- Бул жаңы үлгүдөгү оорукана үстүбүздөгү жылдын август айында биротоло пайдаланууга тапшырылат. Ушул тапта бейтапкананын тышкы кебетесин оңдоп-түзөө, сырдоо жумуштары гана аткарылууда. Муну курууга жалпысынан 200 жумушчу тартылган. Орукана заманбап эмеректер, медициналык жабдуулар менен толук бойдон камсыз кылынды,- деп кошумчалады Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.
Баса, Ош шаарындагы жаңы оорукананын жалпы аянты 25 миң квадрат метр, пайдалуу аянты 12 миң квадрат метр. Ал жумушка түшкөндөн кийин күн сайын 200 чакты сыркоону кабыл алууга шарт жаратылат.
Булак: “Майдан. kg” гезити