Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Учар айылынын 108 жашоочусуна жер тилкелери жүйөөсүз таратылган. Бул туурасына Кара-Суу райондук Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Рысбек Юсупов кабарлады.

 

- Буга дейре аталган айылдын жашоочулары бардык мамлекеттик органдарга, ошондой эле өлкө башчысына дагы бир нече ирет кайрылышкан. Бул боюнча түзүлгөн атайын комиссия жер тилкесине ажыратылган аянттын мыйзамдуулугун дыкаат текшеришти. 108 адамдын арасында мурда дагы жер тилкелерин алгандар бар экен.

 

Алардын бары тең бөлүнгөн аянттарга кыска аралыкта үй курганга үлгүрүшкөн. Бирок, бири дагы Мамлекеттик каттоо кызматынан жана архитектурадан уруксат алышкан эмес. Ошондуктан, азырынча он бир адамдын үстүнөн чогултулган материал сотко жөнөтүлдү. А 13 материал Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө үчүн өткөрүлүп берилди, - деди Кара-Суу райондук Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Рысбек Юсупов.

 

Буга дейре Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн тургундары бир нече ирет басма сөз жыйындарын өткөрүшүп, жер бөлүштүрүү коррупциясына чекит коюуну жергиликтүү бийликтерден катуу талап этишкен.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити