Талас облусунун Кызыл-Суу айылынын 3 жаштагы жараны милиция кызматына арыз менен кайрылып, анда эркектен сексуалдык зомбулук көргөнүн билдирген. 

 

Маалыматка караганда, окуя 7-августта болгон. Жабырлануучунун айтымында, саат 11:30да 191-жылы туулган таанышы, ошол эле Кызыл-Суу айылынын тургуну үйүнө келип, күч колдонуп зордуктап салган. 

 

Факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин "Сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

 

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.