Маркум Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиевдин билдиргенине караганда, милиция бөлүмүндө кыздын өлтүрүлүшүнө жол берген милиция кызматкерлерине "шалаакылык" беренеси менен гана иш козголушу мүмкүн.
"Кызымдын өлүмүн катыштыгы бар адамдардар тийиштүү жазаларын албай калышат окшойт. Анткени, экинчи жолу жасалган соттук-медициналык экспертиза да кызымдын көкүрөгүндө бычак менен жазылган тамгалар болгон эмес деген жыйынтык чыгарды. Кызымдагы жазууларды тартып алган элек, ал сүрөттөрдү көргөзсөк, "бул дефибриллятор аппаратынан калган так", - дешти. Дефибриллятор денеге тамга жазабы?
"Шалаакылык" беренеси менен иш козголсо, өлүмгө катыштыгы барлар тиешелүү жазасын албай калышат, иш жабылып калышы мүмкүн", - деди Кожоналиев.
Президент Жээнбеков ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге Бурулайдын атасы менен жолугушуп, кебин угууну тапшырган. Бирок, Кожоналиевдин айтымында, жолугушуу азырынча боло элек. Министр чакырган учурда анын адвокаттары бошобой калышкан, ошондон бери кийинки жолугушуунун белгиленишин күтүп келишет.
Эске салсак, 20 жаштагы Бурулайды чала тааныш жигит алып качып баратканда, Жайыл райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Кыз менен жигитти милиция бөлүмүнө алып келишкен милиция кызматкерлери табышмактуу жагдайлардан улам экөөң жалгыз калтырып, жыйынтыгында кыз жигиттин колунан бычак жеп каза тапкан.