Бүгүн, 9-августта Бишкек шаарынын Ленин районунун, Москва жана Ю. Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинатынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53тө КР ӨКМнин Ленин райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:07де КР ӨКМнин Ленин райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:13тө КР ӨКМнин Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:13тө КР ӨКМнин Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 06:00дө КР ӨКМнин Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 06:16да КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу жана Штаб тартылган.

 

Жалпы 5 бөлүм кырсык болгон жерде иштеди. Ошондой эле жерине ИИМ кызматкерлери жана Бишкек Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа келген. 

 

Өрт саат 11:23тө чектөөгө алынды. Кошумча маалымат берилет.