Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  8-августта Чолпон-Ата шаарында «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумуна катышты.

 

Форумдун катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да башка мамлекетте туруп, өз өлкөсүнүн, Кыргызстандын келечегине толгонот, өнүгүүсүн эӊсейт, өлкөнүн тагдырына, келечегине кайдыгер карай албайт, деп белгиледи.

 

»Бул жерде дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнөн келген мекендештерибиз олтурасыздар. Сиздер менен максатыбыз чогуу, кыялыбыз бир. Ошол максатты көздөгөн иш-аракеттерибиз бир ыргакта, бир багытта болушу үчүн, мезгил-мезгили менен баарлашып, акылдашып турушубуз зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал ушул вазийпаны аткарып, көп жылдан бери мекендештердин байланышын камсыз кылып,  жолугушуусун уюштуруп, баарын бириктирип жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди.

 

»Мекендештер» форумунун идеяларын жана максаттарын колдойм.  Форум реалдуу ишкер долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн. Бара-бара кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан платформа-аянт болуп баратат», — деп белгиледи Президент.

Ал өнүгүүнү камсыз кылган базалык технологиялар эскирип, жаӊы  мүмкүнчүлүктөр баарын теӊ ойго салган мезгил келип, ар бир мамлекет өзүнүн келечек жолун издөөгө мажбур болуп жактанын белгиледи.

 

Кыргызстандын өнүгүү жолун аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын, өлкөнүн келечегин курууга активдүү катышуусун сөзсүз эске алуу керек.

Мамлекет башчысы жакында Узак мөөнөттүү Стратегияны талкуулоого арналган Улуттук кеӊештин жыйыны боло турганын жана анда чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү, алардын кесиптик жетишкендиктерин Кыргызстанда толук кандуу пайдалануу үчүн маанилүү кадамдар каралганын белгиледи. Бүгүн сунушталган омоктуу ойлор, рационалдуу идеялар да эске алынат. «Сыртта эмгектенген мекендештерибиздин  мобилдүүлүгү жана активдүүлүгү, ишкердик потенциалы, менталитети, алар жашаган мамлекеттердин ар түрдүүлүгү бизди башкалардан айырмалап турат. Биздин өнүгүү жолубуз, ушул өзгөчөлүктөрдү сөзсүз эске алышы керек, буга чейин ырааттуу ишке ашпай келген ресурсту толук кандуу колдонуу зарыл. Биз башкалардын тажрыйбасын ылайыгына жараша колдонуп, бирок, өнүгүү жолубузду өзүбүз чабышыбыз зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.