Чолпон-Ата шаарында ички иштер кызматкерлери "Притон" жана "Легалсыз" операцияларынын алкагында эс алуучулардын буюмдарын уурдаган эки жаш жигитти кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандар Нарын облусунун тургундары болуп чыккан. Алар Өзбекстандын жарандарынын буюмдарын уурдоого шектелишүүдө. Кармалуучулар айыптарын моюнуна алган көрсөтмө беришкен.
Маалым болгондой, 23-июлда Ысык-Көл ОИИБине Өзбекстандын жараны кайрылып, "Персона" эс алуу үйүнө жайгашышканын, көлгө чөмүлүүгө кетишкенде, коттеджке белгисиз адамдар киришип, эки уюлдук телефон, эки айпад жана 660 долларды уурдап кетишкенин билдиришкен.
Факты боюнча кылмыш иши козголду.