“Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу”,- демекчи, башкалар гектарлап жер үлүшүн ээлеп, айланасын Кытай чебиндей кылып тоскон, чет элдиктер ак мөңгүлүү тоолорубуздагы алтыныбызды ит бекер казып, түбөлүк байлыгыбыз болгон мөңгүлөрдү талкалап аткан Кыргызстанда жергиликтүү кыргыздарга алакандай жер үлүшү тийбей калгандыгы ачуу чындык. Мына ошол өз мамлекети тарабынан өгөйлөнгөн миңдеген мекендештерибиз Орусиянын жарандыгын алышкан. Алды орун-очок алып, мыйзамга ылайык жер үлүштөрүн да сатып алышып, чытырман токой менен саз ээлеген Сибирь аймагын өздөштүрүп жатышат. Бирок Тула облусундагы “Кыргыз айылы” деген расмий эмес аталышка ээ болгон 400дөй кыргыздар жер үлүшүнөн ажырап калуу алдында турушат. Алар Кыргызстандын президентине жардам сурап кайрылышты. Себеби жергиликтүү бийлик турак жай курууга берилген жердин макамын жокко чыгарып, жерди кайрадан айыл чарбалык керектөөгө аныктаган. Ал тургай Клищенко айлында бир нече кыргыз үй-бүлө үй куруп, той берүүгө үлгүргөн. Эмнегедир орус ММКлары “Тулада кыргыз айылы пайда болууда...”,- деген темада улутчул маанайда маалыматтарды жаза баштаган соң, быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарган. Дээрлик жер тилкелеринин баарын кыргызстандык мигранттар алган, алардын жарымы - Орусия жарандары. Буга чейин бул маселеге КРнын Орусиядагы элчилиги да аралашып, Тула облусунун жетекчилиги менен жолугушуп, Мамдуманын депутаттарына да кайрылган. Сыягы, ал аракеттен майнап чыкпады окшойт. Эми акыркы үмүт президент С.Жээнбековдо эле калды. Эгер мамлекет башчыбыз орус президенти В.Путинге алакандай кат менен кайрылып койсо, ал жок дебестир. Ансыз деле орус жерин кытайлар жылма миграция жолу менен ээлеп атышпайбы...
Булак: “Майдан. Kg” гезити