“Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган”,- деп илгери Сибирге сүргүнгө айдалган айтылуу демократ акын Токтогул Сатылганов ырдагандай, көр турмуштун айынан бүгүнкү күндө кыргыздар иш издеп барбаган өлкө калбады окшойт. Алардын көпчүлүгү Россия жана Казакстандан кийин эле боордош Түркияда жүрүшөт. Бул мамлекет бизге боордош болгондугу үчүн гана эмес, бала, карыган кемпир-чалдарды кароо, мейманканаларда пол, идиш-аяк жууп иштөө сыяктуу өтө оор, ошол эле учурда аз айлык төлөнгөн жумуштарда кыргыздардан башка эч ким иштебегендиктен улам да келин-кыздарыбыз көп барышууда. Түркиянын Миграция департaментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Мыйзамсыз иштеп жүргөндөр миңдеп саналат. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет. Түркиянын ИИМне караштуу Мигранттар боюнча башкармалык жакында 2017-жылы өлкөдө 303 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылгандыгын билдирди. Алардын 86сы сириялыктар, 31и кыргызстандыктар, 25и марокколуктар экен. Албетте, жети жылдан бери жарандык согуш жүрүп, тынч жашоого мүмкүн болбой калган Сириянын абалын түшүнсө болот. Марокко да Африканын эң жакыр өлкөсү. Тилекке каршы бейпил турмуштагы кыргызстандыктардын ушундай абалга туш болгондугу биздин жашоо деңгээлибиз деле согуштагыдай экендигинин далили эмеспи? Баса, быйыл президентибиз Түркияга расмий сапар менен барып, ал жактагы мигранттар менен барганда көпчүлүк жаштарды Кыргызстандан алдап алып келип, аз маяна берген же кулчулукка мажбурлаган шылуундар көбөйүп кеткендиги айтылган болчу. Мамлекет башчыбыз бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, иш берген фирмаларды текшертерин убада кылган. Бирок азырынча жыйынтык жок.
Булак: “Майдан. Kg” гезити