Экс-президент А.Атамбаевдин жакын досторунун бири болгон, акыркы 6-7 жылда энергетика министринен тартып, “Кыргызалтын” сыяктуу майлуу жана акчалуу кызматтарды ээлеп, эбегейсиз байлык топтогон айтылуу Осмонбек Артыкбаевдин дүнүйө-мүлкү тууралуу ал камала электе эле аңыз кептер айтылып келчү. Жакында бул олигарх да ЖЭБдеги желген миллиондор боюнча камакка алынып, өзүнө, аялына жана жакындарына катталган мүлктөрү камакка алынды. Анда Осмонжан акеге таандык деген жети автоунаа, жети турак жай, бир жер тилкеси жана жети компаниядагы үлүштөрүнүн тизмеси атайын кызматтар тарабынан жарыяланды. Бирок коомчулук арасында аталган тизмеге ишенбөөчүлүк жаралып, талаш-тартыштарды пайда кылууда. Анткени О.Артыкбаевдин бизнес-империясы деп саналган “Неман-фарм” ишканасы катталган эмес. Мындан тышкары мурда, Союздун учурунда Т.Усубалиевдин дачасы болгон, азыр “Osmon” деп аталган капчыгайдагы ресторан, Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Нептун” пансионаты, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен Чу дарыясынын берки жээгиндеги күндө кеминде бир миллион сом киреше алып келип турган кум-шагыл карьери, ЦУМдун жанындагы “Береке-гранд” алтын саткан көп кабаттуу имараттар да дал ушул О.Артыкбаевдин менчиги экендиги эл оозунда айтылып келүүдө. Бирок, УКМК тараткан расмий маалыматка ылайык, “Неман-фарм” ишканасы О.Артыкбаевдин бир тууганы Султан Артыкбаевге катталып калыптыр. Ал эми жогоруда аталган башка ишкана, объекттери тууралуу сөз да жок. Демек, УКМК өзү “жакындарынын да мүлкү камакка алынды...”,- деп коомчулукка маалымат берип, кайра “Бул бир тууганына катталган мүлк”,- деп калкалагандыгына караганда, А.Шадиевге карата жасалгандай эле мамиле болуп атат окшойт...
Булак: “Майдан. Kg” гезити