Илгери бирөө Кыргызстандын самолетторун “Учуп бараткан самолетко салыштырам”,- деп тамашалады эле. Ал эми эң көп аба транспорту менен саякаттаган залкар жазуучубуз Ч.Айтматов такыр атамекендик самолетторго отурчу эмес дешет. Себеби чындап эле биздин учактар өтө кооптуу. Мисалы, быйыл эле май айында Бишкектен Баткенге учкан Tez jet авиакомпаниясынын самолету асманга көтөрүлгөндө бир мотору күйүп, кайра жерге конууга мажбур болгон. Ким билет, ошол борттогу жүргүнчүлөрдүн Кудайга жалынып-жалбарганы себеп болуп, Жараткан Алла Таала чын эле ырайым кылдыбы, айтор ошондо дүйнөлүк алдыңкы деп эсептелген авикомпаниялардын тарыхында да кездешпеген “чудо” болуп, самолет кайра конуп, эч ким жабыркаган эмес. Ушундай эле окуя көп өтпөй эле кийин да кайталанган. Ал эми өткөн жекшемби күнү Бишкек-Анталия багытында учуп бараткан “Авиа Траффик” компаниясынын А-320 үлгүсүндөгү учагы жерден көтөрүлгөндөн бир нече минута өтүп, ”Манас” аэропортуна кайра конууга мажбур болду. Бактыга жараша 111 жүргүнчүнүн бирөөсү да жабыркаган жок. Мындан мурда, 29-июлда да "Авиа Траффиктин" Ош-Анталия багытында бараткан учагы 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, техникалык себептен улам кайра конгон болчу. Бирок "Авиа Траффик" компаниясынын расмий сайтында эки окуя тууралуу тең маалымат же жүргүнчүлөрдөн кечирим сураган текст жарыяланган жок. Кыргызстандык авиакомпаниялар “эл аралык нормаларга дал келбейт”- деген жүйөө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген. Кыргызстанда 36 учак бар. Анын жарымы жараксыз экен. Кыскасы, атамекендик авиакомпанияларыбыз тобокелчилик менен гана иштешүүдө.
Булак: “Майдан. Kg” гезити