Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизилди.

 

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин курамына киргизилди.

 

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин учурдагы курамы:

 

Жээнбеков Сооронбай Шарипович - Кыргыз Республикасынын Президенти, улуттук кеңештин төрагасы;

Джумабеков Дастанбек Артисбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Токбаева Айнаш Абдымановна - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;

Өмүркулов Иса Шейшенкулович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын лидери;

Турускулов Жыргалбек Куручбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери;

Төрөбаев Бакыт Эргешевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери;

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир бол" фракциясынын лидери;

 - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси (кызмат боюнча);

Сагынбаев Дамир Казакович - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Джамшитов Өткүрбек Асилбекович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Ахметова Нурсулу Меирбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы;

Дикамбаев Азамат Шамильевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;

Борцова Светлана Валерьевна - "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт;

Усупбекова Айнура Максатбековна - "Жарандык Платформа" коомдук фондусунун директору;

Юлдашева Азиза Узгеновна - "Жер Азыгы" Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору;

Койчуманов Таалайбек Джумашевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;

Кыдырбаев Улук - Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;

 

Добрецова Надежда Николаевна - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.