Бүгүн, ушул сааттарда Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланды. Бишкек шаардык кеңешинин 45 депутатынын 44ү шайлоого катышып, 43ү Суракматовду колдосо, бири гана каршы болду.
Депутаттар талапкердин программасын угууга убакыт короткулары келген жок. Алар дароо эле шайлоого өтүштү. Анткени, депутаттардын айтымында, талапкер бардык фракциялар менен жолугуп, айтчусун айтып чыккан.
Шайлангандан кийин Азиз Суракматов депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, борбор калааны өркүндөтө турганын белгиледи.
А бул убакта мэриянын сыртында жарандык активисттер митинг өткөрүшүп, Суракматов шайланса Бишкек шаардык кеңеши тарасын деген талапты коюп турушат...