Ысык-Көлдүн Ананьево айылында 4 автоунаа кагылышып кетти. Жол кырсыгынын кесепетинен бир автоунаанын айдоочусу каза тапты. Дагы алты адам ооруканага жеткирилди.
Бул тууралуу аймактык ички иштер Башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, жол кырсыгы кечээ саат болжол менен 13:00дө болгон. «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаа каршылаш тилкеге чыгып, "Жигули" менен кагылышкан. Ошол убакта артта келаткан эки автоунаа кагылышуудан качып, дароо артка бурулушкан да, жыйынтыгында, бири тосмого урунган. Экинчиси да кырсыкка кептелген.
Жабырлануучулардын арасында жашы жете элек балдар жана Франциянын эки жараны болгон. Ар кандай жарааттар менен 6 адам ооруканага жеткирилген. "Жигулинин" айдоочусу каза тапты.