Жарандык активисттер Азиз Суракматовдун мэр болуп шайланышына каршылыгын билдирип, митинг өткөрүп жатышат. Ошондой эле, шаардык кеңештин тарашын талап кылышууда.
Митингчилер колдоруна депутаттарды чагылдырган "каракчыларды" көтөрүп алышкан. Эгер Суракматовду шайлай турган болушса, "каракчыларды" өрттөшө турганын билдиришти.
Алар "Шаардык кеңешке уят! Тарагыла!" - деп кыйкырышууда.
Коомдук тартипке милиция кызматкерлери көз салып турушат.