Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардыктардын арызын четке какты. Шаар тургундары Азиз Суракматовдун мэр болушуна каршы чыгышып, аны талапкер катары каттоого алуудан баш тартууну шайлоо комиссиясынан өтүнүшүп, арыз жазышкан. 

 

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаардыктардын өтүнүчү четке кагылды. Ал эми Суракматов жалгыз талапкер бойдон калды. 

 

Бир катар жарандык активисттер кызыкчылыктардын карама каршы келгенин белгилеп, Суракматовдун мэрликке талапкерлигин коюшуна каршы чыгышкан. Бирок, аймактык шайлоо комиссиясы "Бишкек шаардык кеңешине кызыкчылыктардын карама каршы келиши бар болсо, аны жөнгө салууну тапшырганын" гана белгилешти.