Бишкекте мэриянын имаратынын алдында жарандык активисттер митинг өткөрүп жатышат. Катышуучулардын бири, "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиеванын айтымында, мэрди шайлоо альтернивасыз болууда. Жалгыз талапкердин чыгышы күлкү келтирерлик нерсе.
"Күлкүлүү көрүнүп калбашы үчүн дагы кайсы бир талапкерди да чыгаруулары керек болч. Бул схема Иса Өмүркуловдун убагынан бери келе жатат. Жаңы президенттин келиши менен өзгөрүүлөр болобу деп үмүттөндүк эле, бирок, эски схемалар сакталып калыптыр", - дейт Умуралиева.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо бүгүн өтөт. Ага жалгыз талапкер Азиз Суракматов КСДП партиясынын мүчөсү.