Келишимдүү жана дени сак болууну каалагандар бардык пайдалуу азыктарды оозуна салышат. А бирок, алардын тери үчүн да пайдасы табылгыс экенин биле бербейбиз.

 

Оливка майы

 

Картинки по запросу масло оливка

 

 

Косметикада майлардын колдонулушу ушул кезге чейин талаштуу маселе бойдон калууда. Көп убакыттар бою так ушул майлар беттеги кара чекиттердин  пайда болушуна жана кызыл кан тамырлардын сыртка чыгышына себеп болот деп эсептелген. Бирок, майлардын курамын иликтөө менен арасында терини абдан жакшы нымдаштырып, жылмакай кыла тургандары бар экени аныкталды. Андай майлардын катарына оливка майы да кирет. Анын курамы пайдалуу заттарга бай болгондуктан, теринин үстүнө коргоочу катмарды түзөт. Бул май менен беттин терисине маска  жасасаңыз болот. Алманы кыргычтан өткөрүп, оливка майынан алма менен бирдей өлчөмдө куюп, аралаштырып, бетке жабыңыз. 20 мүнөт кармап жууп салсаңыз, натыйжасына биринчи эле койгондо кез келесиз.

 

Деңиз тузу

 

Картинки по запросу морская соль

 

 

Деңиз тузу дененин катуу тартып, чорго айланган жерлерине табылгыс каражат.  Шекер  менен деңиз тузу кошулган скраб чыканак, согончок жана тизенин терисин жумшартып, назик кылат. Ал үчүн 2 аш кашык тузду 5 аш кашык шекерге аралаштырып, массаж кыймылы менен катуу тарткан териге жаап, 10 мүнөт калтырабыз да, андан кийин жылуу суу менен жууп салабыз.

 

Жүзүм

 

Картинки по запросу виноград

 

 

Жүзүмдүн курамында ресвератрол жана танин бар. Бул заттардын биринчиси антиоксиданттардын өзгөчө тобуна киргендиктен, терини карып кетүүдөн сактайт. Танин тери майынын бөлүнүп чыгышын азайтып, какачтын пайда болушунун алдын алат, ошондой эле терини тартылтып, жылмакай кылып коет.  Жүзүмдөн тазартуучу тоник жасасаңыз  болот. Ал үчүн жүзүмдү тең экиге бөлүп, бетти жана моюнду  сүртүү керек. Бул күн сайын жасоого боло турган процедура теринин бардык түрүнө туура келет. Болгону, майлуу тери үчүн жашыл, а кургак териге кызыл, кара түстөгү жүзүм ылайык. Эгер жүзүңүздө майда кызыл кан тамырчалар жок болсо, жемишти алдын ала муздаткычка салып тоңдуруп, анан пайдалансаңыз, тери өңүнө чыгып, кулпуруп калат.

 

Йогурт

 

Картинки по запросу йогурт

 

 

Йогурттун курамы кайсы заттан болбосун тең салмактуулугун сактагандыктан, теринин бардык талабына жооп берет. Йогурттун майы, белогу жана углеводу клеткалардын куралышына колдонулса, лактоза теридеги нымдуулукту сактоого жардам берет. А сүт кислотасы теридеги өлгөн клеткалардан арылтат.

Кургак беттер үчүн төмөнкүдөй маска ылайыктуу.  3 аш кашык нукура йогуртту (нукура йогурттун даамы таттуу эмес жана ар кандай кошулмаларсыз жасалат) 2 аш кашык блендерден эзилген чийки картошкага кошуп, ага кайнак сууда демделген  1 аш кашык геркулес салабыз.  Масканы беттин терисине жаап, 10-15 мүнөт кармайбыз да, суу менен жууйбуз.