Таласта Казакстан менен чектеш аймакта жайгашкан  Алмалуу жайлоосунда  1000 гектар жерди өрт каптады. Учурда аны өчүрүүгө   500 чакты  адам тартылды. Бирок, Казакстан жактан келген шамалдан улам  өрт өчүп баратып эле,  кайра тутанууда.

 

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өрттү өчүрүүгө Казакстан тараптагыларды да чакыруу пландалып жатканын билдирди. 

 

"ӨКМ  министри  Таласка жөнөп кетти. Өкмөт башчы  тийиштүү тапшырмаларды берди. Мен министр менен байланышып, казакстандык кесиптештерине кайрылуу керектигин айттым. Алар өз тарабын өчүрүшү керек", - деди Боронов.

 

Белгилей кетсек, өрттөнгөн  жерде токой чарбасы менен кошо көп аянттагы  жайыт да жайгашкан.