Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү Мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөшүүнүн бирдиктүү депозиттик эсебине 0 миллион 14 миң 470 сом которду. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин аталган кызмат 63 миллион 362 миң 758 сом которгон. Мамлекеттин казынасына зыян келтирген экономикалык кылмыштардын Финпол тарабынан ачылышы жалпысынан 143 миллион 377 миң 228 сомду мамлекетке кайтарууга өбөлгө болгон. Бүгүнкү күндө бул мекемелер арасындагы эң чоң сумма.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, аталган эсепке 1-августка карата 255, 5 миллион сом которулган.