Балкчы шаарында ок атышуу болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, саат болжол менен 23:20лар чамасында Балыкчынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына шаардын көчөлөрүнүн биринде эр жеткен балдар топтолуп, тапанчадан ок чыгарышканы тууралуу кабар келип түшкөн.
Окуя болгон жерге милиициянын тергөө-ыкчам жана мобилдик тобу барышкан. Милициянын автоунаасынын жакындап калганын көргөн жигиттердин бири ок чыгарып, таш ыргыта баштаган. Милиционерлер абага эскертүү иретинде ок чыгарышып, жигиттерге өз эрки менен колго түшүп берүүнү талап кылышкан. Бирок, балдар баш тартып, качып кетүүгө аракеттенишкен.
Милиция кызматкерлери Балыкчынын жана Шор-Булак айылынын 20 жаштагы тургундарын кармашкан. Алардан эки аңчылык мылтыгы жана октор табылган. Кармалгандар ич ара мамилелерин териштирүү үчүн чогулушканын айтышкан.
Факты боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.